Грузияда уникалдуу айнек көпүрө ачылды

Грузияда уникалдуу айнек көпүрө ачылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Дашбаши каньонундагы көпүрөнүн узундугу 240 метрди түзөт. Конструкция бекем болуп, 300 тоннага чейин көтөрө алат.

 

Андыктан, туристтер эч кооптонбой эле, көпүрөнүн ортосундагы кафеден тамактана да алышат. Баса, аталган кафе бийиктикте жайгашкандыгы үчүн Гиннес рекорддор китебине кирүү ниетинде.