Тогуз-Тородо майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат. Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда курулуш долбоору даярдалып, жер бөлүндү.

 

Курулушту июнь айында баштап, объектти жыл аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

 

Белгилеп кетсек, Тогуз-Тородо майыптыгы бар 1,5 миңдей жаран жашайт.