Кыргызстанда 5 мамлекет жарандарын киргизбей коюу сунушталып жатат

Кыргызстанда 5 мамлекет жарандарын киргизбей коюу сунушталып жатат. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, кеп, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италиянын тургундары тууралуу болуп жатат.

 

Бул  биздин өлкө аймагына коронавирусту киргизбөө максатын көздөйт. Бул суроо боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат. Өз кезегинде, кыргызстандыктарга дагы аталган мамлекеттерге баруудан баш тартуу сунушталат.