Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Япониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Япониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб кабыл алды.

 

Чечимге ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт.

 

Ошондой эле 1-марттан тарта илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынат. Бул тизме кырдаалга жараша өзгөрүп турмакчы. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 85 миңден ашты.