Боомдогу унаа кыймыл толугу менен калыбына келтирилди

Боомдогу унаа кыймыл толугу менен калыбына келтирилди.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, жол 5-августта кечки саат 9га жакын эки тарапка тең ачылды.

Белгилүү болгондой, Бишкек–Балыкчы автожолунун 136-чакырымында 600 куб метрлик көчкү түшкөн, анын баары тазаланды.

Селдин айынан Боом капчыгайындагы унаа жол буга чейин да бир нече жолу убактылуу жабылган.