Боом капчыгайын селден тазалоо иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн түштөн кийин нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырым аралыктарын сел суулары каптаган.
Учурда трасса бир тараптуу гана ачык.
Жолду кум-шагылдан арылтуу иштери уланып жатат.
Кырдаал жакын арада жөнгө салынат деп күтүлүүдө.
Ага карабай айдоочуларга аталган тарапка жолго чыкпай туруу сунушталат.