Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет.
Анын айтымында, добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесине 3 миллион 523 миң 532 адам кирди.
Бул көрсөткүч 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда 27,6 пайызга,
ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 16 пайызга көбөйдү.
Тизме Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана жарандар берген
арыздардын негизинде түзүлдү. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.