Бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көл облусундагы Сөөк ашуусунда тынымсыз жааган кар жана катуу бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылганын билдирди.

«Бороон басылары менен тазалоо иштери башталып, кошумча маалымат берилерин» кабарлады.

Мунун алдында vинистрлик 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатканын билдирген. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган машинелерге убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдаган.

«Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап жатат. Бишкек-Ош жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техникалар тазалап жатат. Унаа кыймылына чектөө жок. Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда да кар аралаш бороон болуп, атайын техникалар даяр турат. Жол ачык. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет», — деп жазылган кабарда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.