Бишкектеги Ауэзов көчөсү бир күнгө жабылды.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, тилкеги
темир жолдон бүгүн саат 8ден кечки 7ге чейин унаалар өткөрүлбөйт.
Альтернатив катары Чолпон-Ата көчөсү сунушталат. Жолдун
убактылуу жабылышы тиешелүү тилкедеги темир жолдо
оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.