Ошто дагы үч окуучу атырга ууланды

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу гимназиянын директору Зулфия Кадырова «Азаттыкка» ырастады.

 

Окуя түштөн кийин болгон. Мектепке «Тез жардам» келип, окуучуларды Ош облустук балдар ооруканасына жеткирген.

Ооруканадан үч окуучу ууланып келгенин ырасташты.

 

Уулангандардын баары кыздар. Мектеп директору Кадырованын айтымында, окуучулар өздөрү колдонуп жүргөн атырды сээп, ойноп жатканда ууланышы мүмкүн.

Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ошол эле күнү үйүнө кайткан.

 

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 43 окуучусу атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөн. Алар дагы 6-класстын окуучулары болушкан. Ош шаардык милициясы бул боюнча билдирүү бере элек.

 

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган.