Боршайком 31 мамлекеттен 219 эл аралык байкоочуну каттады

Боршайком 31 мамлекеттен 219 эл аралык байкоочуну каттады. Эң көп эксперттер КМШ Миссиясыан келет – 88 адам.

 

Ошондой эле, Парламент аралык ассамблеядан, Демократиялык институттар боюнча бюродон, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмесинен өкүлдөр келет.

 

Андан тышкары, Япония, Иран, Нидерланды, Франция, Израиль, Монголия, Пакистан жана башка бир катар мамлекеттерден байкоочулардын келиши күтүлөт. Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо ушул жекшембиде өтөт.