Жалал-Абадда “Жаз жарманкеси” өтөт

Жалал-Абад шаарында аптанын ар ишемби күндөрү “Жаз жарманкеси” аттуу азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

 

Жарманке саат 10:00дө Барпы театрынын алдында уюштурулуп, азыктар арзан баада сатылат. Бул жайга ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер азык-түлүктөрүн алып чыгат. Жарманкени шаардык бийлик салтка айлантууну көздөп жатат.