Кыргызстандагы бардык мектепте акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтөт.
Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда “Мен – бүтүрүүчүмүн” аталышында акция башталды.
Бул жылы бүтүрүүчүлөрдү белгилүү адамдар, маданият өкүлдөрү, мектеп
директорлору жана ата-энелер куттукташат. Бардык жарандарды акцияга
кошулууга чакырабыз, — деди Жусупбекова. Кошумчаласак,
быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.