Быйыл Баткен облусу боюнча 53 чакырым жол оңдолот

Быйыл Баткен облусу боюнча жалпы 53 чакырым жол оңдолот. Анын 27,4 чакырымына асфальт төшөлөт деп билдиришти президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн.

 

Маалыматка ылайык, жолдорду курууга мамлекет тарабынан 190 млн сом каралган, 2023-жылга 65,2 млн сом бөлүнгөн.

 

Учурда Баткен районунун Чоң-Талаа – Баткен – Кара-Бак автожолунун 16,2 чакырымына жана Миң-Өрүк айылынын 6,2 чакырым жолуна асфальт төшөлөт, учурда жолду тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул тапта жолдорго асфальт аралашмасын чыгаруу үчүн асфальт заводу Баткен шаарына көчүрүлүп келип, орнотулууда.

 

Мындан тышкары, Баткен облусунун аймагындагы 48 жолдо планга ылайык курулуш иштери аткарылууда.

 

Жыл башынан бери республикалык бюджеттен каржыланган жол куруу жана калыбына келтирүү иштерине 93 млн сом жумшалган.