Жалал-Абадда арзан баада азык-түлүк сатылууда

Жалал-Абад шаарында арзан баада азык-түлүк сатылууда. Мэриядан билдиришкендей, шаардагы муниципалдык базарда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан өсүмдүк майынын беш литри 460 сомдон, кумшекердин кг 70 сомдон сатылып жатат.

 

“Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча барып, арзан баада май жана ун алсаңыз болот”, — деп айтылат маалыматта.