Быйыл Кыргызстанда эт, жумуртка жана сүт көбүрөөк өндүрүлдү

Быйыл Кыргызстанда эт, жумуртка жана сүт көбүрөөк өндүрүлдү.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, ушул жылдын январь-февралында 190 тоннадан ашык эт өндүрүлдү.

Бул өткөн жылга караганда 2,6 пайызга көп.

Сүт 800 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14 миң тоннага көп алынды.

Ал эми ушул эле аралыкта 305 миллиондон көп жумуртка алынып, 2021-жылга караганда 12,5 миллион даанага көп өндүрүлдү.