Кыргызстанда эт өндүрүү Баткен облусунан башка бардык аймактарда өстү

Кыргызстанда эт өндүрүү Баткен облусунан башка республиканын бардык аймактарында өстү.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган облуста ийри мүйүздүү малдын санынын азайышынан эт өндүрүүнүн төмөндөшү байкалууда, бул элдин миграциясына жана тоюттун кымбаттыгына байланыштуу, — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 1-мартына карата республикадагы бардык категориядагы чарбалык субъектилерде 62 миң тонна эт өндүрүлдү.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миң 400 тоннага же 2,3 пайызга көп.