Кыргызстан муфтийин шайлоо курултайы 26-июнга жылдырылды

Кыргызстан муфтийин шайлоо курултайы 26-июнга жылдырылды.

Чечим Аалымдар Кеңешинин жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин Муфтийликке 6 талапкер катталган. Ага чейин УКМК мурдагы муфтий

Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз каржылык иштерге шектүү катары кармаган.

Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан

арызын канааттандырган. Учурда анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.