Быйыл Кыргызстандагы 4 аэропортту кайра калыбына келтирүү пландалууда.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун директору Бакыт Шаршеев
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, «Каракол» жана «Баткен» аэропортторун оңдоп-түзөөгө сынак
жарыяланды. Андан тышкары, «Ош» эл аралык аба майданына жүк терминалын
куруу жана «Нарын» аэропортуна 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет
комплекс куруу маселеси каралууда