Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 10:12де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен жеринде магнитудасы 4,7ге жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматта силкинүүнүн очогу Каракол шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылат. Кызыл-Жар, Жыргалаң, Ак-Булуң айылдарында жер титирөө 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.