Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, өлкө бул жылы буудайга болгон муктаждыгын 70-75 пайызга камсыз кылды.
Республика боюнча жалпысынан 670 миң тоннадан ашык буудай жыйналды.
Маалыматка ылайык, быйылкы муктаждык 870 миң тоннаны түзөт.