Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат.

Novosti.kgге Энергетика министрлигинен такташкандай, бул боюнча буйрук кийинки жумада чыгат.

Көмүрдү сыртка алып чыгууга чектөө кара отундун тартыштыгына жана баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери дээрлик 480 миллион сомго 178 миң 260 тоннадан ашык көмүр экспорттолду.