Өрүктүн баасынын арзандашынын себеби айтылды

Өрүктүн баасынын төмөндөшүнө кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги таасир этүүдө.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өрүк негизинен консервацияны даярдоо жана өндүрүү үчүн колдонулат.

Белгилеп кетсек, быйыл Ысык-Көлдө өрүктүн килограммы 10 сомго чейин арзандады.