Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жаңы мектеп ачылды.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Сары-Камыш айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкталган.
Анда окуу процессин жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Белгилеп кетсек, мектеп деңиз деңгээлинен 1 миң 655 метр бийиктиктеги алыскы аймакта жайгашкан.