Кыргызстанда буудайдын түшүмү талап кылынгандан 65 пайызга жетиши күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү талап кылынгандан 65 пайызга жетиши күтүлүүдө.

Бул тууралуу бүгүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жылына 760 миңден ашык тонна буудайга муктаждыгы бар.

Анын ичинен болжол менен 630 миң тонна өндүрүлөт.

Бирок быйыл буудай маселеси болбойт, — деп ишендирди чиновник.