Быйыл өлкө боюнча 53 миллион 824 миң сомдук битир-садага чогулду. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге берилген.
15 пайыздан хатибияттарга жана казыяттарга бөлүнсө, калган 10 пайызы муфтият тарабынан муктаждарга таратылды. Жалпысынан быйыл битир-садага деп 42 миллион сом чогулган.
Эске салсак, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 50 сомдон эсептелген.