Быйыл өлкөдө суу тартыштыгы болбойт

Быйыл өлкөдө суу тартыштыгы болбойт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев ишендирди.

Ал ошондой эле Казакстан менен чек арадагы суу бөлүштүрүүчү системага орнотулган суунун деңгээлин өлчөөчү приборлор иштен чыкканын билдирди.

Бирок учурда казак тарап менен техникаларды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.