Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү жыйым киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү жыйым киргизилиши мүмкүн.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү токтомду коомдук талкууга койду.

Документте смартфондор 30 күндүн ичинде каттоодон өтпөсө, аппарат уюлдук оператордун кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары айтылат.

Идентификациялоо системасы киргизилген дүйнө мамлекеттери өлкө рыногун контрафакттык продукциядан, ал эми мобилдик аппараттардын ээлерин гаджеттерди уурдоодон коргоо үчүн мындай системаны киргизүүнү колдошкон, — деп айтылат маалыматта.