Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталат

Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталат.

Мындан улам аларга 2020-жылдын 1-январдан 13үнө чейинки күндөр үчүн айлык төлөнөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, мектеп педагогдорунун маянасы иш жүзүндөгү иштеген

сааттары боюнча саналат. Учурда январь үчүн билим берүү уюмдарынын

кызматкерлерине айлык төлөө боюнча эсептөөлөр баштала элек.

Иш убактысын эсепке алуучу табелдер тапшырылгандан кийин маяна бериле баштайт.

Мындан тышкары, майрам күндөрүнө туш келген сабактар

кошумча жүгүртмө менен милдеттүү түрдө өтүлүүгө тийиш.