Быйыл Жалал-Абад облусунун 60 айылы таза суу менен камсыздалат

Быйыл Жалал-Абад облусунун 60 айылы таза суу менен камсыздалат.

Облустук администрациядан билдиришкендей, 34 айылдын долбоору

республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, бул максатта жалпысынан

446 миллион сом керектелет. Калган аймактар боюнча долбоорлор жергиликтүү

бюджет, райондук өнүктүрүү фонд жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат.

Белгилеп кетсек, Таза суу долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 2018-жылдан бери

231 айылга таза суу киргизүү боюнча иштер аткарылууда. Учурда жумуштар 41айылда аяктады.