Быйыл жарым жылдыкта калктын бийликке болгон ишеним индекси төмөндөдү

Быйыл жарым жылдыкта калктын бийликке болгон ишеним индекси төмөндөдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калктын ишеним көрсөтпөгөн

органдардын сап башына Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги,

Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Унаа жана коммуникациялар, Экономика жана каржы,

Айыл чарба, ошондой эле ички иштер министрликтери чыкты. Ал эми элдин

ишенимине ээ болгон органдар мурдагыдай эле өкмөттүн аймактардагы

өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү башкаруу органдары эсептелет.