1-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектепте билим берүү онлайн-режимде башталышы ыктымал

1-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектепте билим берүү онлайн-режимде башталышы ыктымал. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын

башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. Учурда республиканын бардык мектептеринде жаңы окуу

жылына карата даярдык көрүлүп, оңдоо жумуштары аткарылууда. Ошондой эле «жашыл» жана «кызыл»

зоналар боюнча иштер жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо министри  Алымкадыр

Бейшеналиев жамааттык иммунитет иштелип чыкса, 1-сентябрда мектептердин эшиги ачыларын айткан.