Түркияда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү

Түркияда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү.

Кечээ өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Артвин провинциясынын

Архави аймагында суу ташкындады. Дарыянын суусу жээктен ашып,

райондун борбору жана айыл жолдорун каптады. Ушундай эле көрүнүш

Ризе провинциясындагы Фындыклы аймагында дагы катталды.

Учурда аталган аймактарда куткаруу иштери жүрүп жатат.

Түркия бийлигинин маалыматы боюнча

эки адам жараат алды, каза тапкандар жок.