Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулардын ата-энелеринин жоопкерчилиги маанилүү

Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулардын ата-энелеринин жоопкерчилиги маанилүү.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүргөндөй, өлкөдө

эпидемиологиялык абал турукташканы менен санитардык гигиеналык талаптарды

так сактоо зарыл. Балдардын колдорунун тазалыгына жана коомдук жайларда беткапчан

жүрүшүнө көңүл буруу зарыл. Ар бир мектепте кирүү фильтри орнотулат. Андан балдардын

дене табы текшерилет. Өзүн начар сезген баланы мектепке жибербей, дароо дарыгерге

алып барып, мугалимине маалымат берүү керек, — деп кошумчалады Жусупбекова.