Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт.
«Түндүк электр» ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык,
эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Тимур Фрунзе, Гагарин,
Виноградный, Крылов, Аммосов, Токомбаев, Байтик баатыр,
Жукеев-Пудовкин, Элебесов көчөлөрүндө, Алтын-Бешик, Көлмө,
Ак-Өргө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жарык жок болот.
Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.