Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, экспорт CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашат. Анын алкагында 15 жылда 23 миллиард киловатт-саат энергия сатылышы керек. Эске салсак, CASA-1000 долбоорунда жайкы мезгилде Кыргызстан Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын киловатт-саатына 5,5 центтен сатат.