Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери 2022-жылы аяктайт

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу Өнөр-жай жана энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

 

Анын айтымында, жабдууларды жаңыртуу боюнча иштер тынбай аткарылып келет. Ремонттук жумуштарга каражат мамлекеттик бюджеттен жана кредиттен алынды.

 

Ошондой эле, Улуттук энергохолдинг жана “Электр станциялары” ишканасы каражат бөлүп беришкен. Калыбына келтирүү иштери графикке ылайык аткарылат.