Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат

Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүчү мекеме Чыгыш-5 кичи районунда жайгашат.   Учурда тиешелүү жер реконструкцияланып жатат.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот. 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Курбу айылында жайгашат.   Тендерди жергиликтүү курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоордун сметалык наркы 86 миллион 650 миң сомду түзөт.

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.   Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалды. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.   Белгилеп кетсек, шаарда мектепке чейинки 27 муниципалдык билим… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.  Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.   Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда.   Имараттын жалпы аянты 1 миң 390 чарчы метрди, ал эми жер участогунун аянты… Кененирээк…

Нарында кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпысынан аймакта мектепке чейинки билим берген дагы 69 мекеме түзүлөт.   Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат. Болгону уктоо… Кененирээк…

Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Каттоо 16-апрелден 30-апрелге чейин жүргүзүлөт.   Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттери төмөнкүдөй:   мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө… Кененирээк…

Бир жумада эле биринчи класска 40 миңден ашык бала катталды

Бир жумада эле биринчи класска 40 миңден ашык бала катталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте 4 мектепте орун калган жок, алар — №26, №70, №29, №20 гимназиялар.   Ош, Жалал-Абад облустарында 7,5 миңден бала каттоого алынса, Чүйдүн мектептерине 5 миң 800 бала кабыл алынды.… Кененирээк…

“Алтын тамга” тестирлөөсү 14-майда өтөт

“Алтын тамга” тестирлөөсү 14-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, катышуучулар математика, эне тил жана адабият, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча суроолорго жооп бериши керек.   Эске салсак, “Алтын тамга” сынагын өзгөчө үлгүдөгү аттестаттка талапкер окуучулар милдеттүү түрдө тапшырат.   Өткөн жылы… Кененирээк…

Мектеп директорлугуна талапкерлердин 147си тесттен өттү

Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган мектеп директорлорунун бош орундары үчүн сынакка 490 талапкер документ тапшырган. Документтердин текшерүүсүнөн кийин тестирлөөгө 284 адам катышкан. Министрлик 15-апрелде тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 талапкер 60 упайдан жогору алып, тесттен ийгиликтүү өтүштү. Анын ичинен Ош облусунан 32, Жалал-Абад… Кененирээк…