Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалды. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.

 

Белгилеп кетсек, шаарда мектепке чейинки 27 муниципалдык билим берүү мекемеси бар.