Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт

Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт. Анын өзгөчөлүгү тапшырмаларды мурдагыдай райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү эмес, көз карандысыз эксперттер берет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тапшырмалар сынак үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине бир мезгилде жөнөтүлөт. Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин калыстар үчүн баалоо критерийлеринин… Кененирээк…

“Электрондук күндөлүк” системасы мугалимдердин ишин дагы жеңилдетет

“Электрондук күндөлүк” системасы мугалимдердин ишин дагы жеңилдетет. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет. “Мугалимдердин оор жүгүн азайтуу. Баягы отчеттор, кагазды көп жазуу, толтуруу, анын бардыгын программа эмес, мугалим өзү саначу да мисалы. Ошонун бардыгын автоматташтырып жатабыз. Көп кагазды жазып… Кененирээк…

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ведомствого дагы окуу жайларга дагы китептердин санын жана алардын абалын билип турууга шарт түзөт.   Учурда китепкананын кызматкерлери отчетторду колго толтуруп берсе, эми  бул система автоматташкан болот. Азиялык өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Мектептерге электрондук кезекке туруу системасына 6 миллион сом сарпталды

Мектептерге электрондук кезекке туруу системасына 6 миллион сом сарпталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул суммага системаны иштеп чыгуу, жабдууларды сатып алуу жана промо материалдарды алуу кирди. Бул жумушчу долбоору алкагында Бишкектеги мектептерге 19 миңден ашык окуучу кабыл алынды. Мындай системаны кийинки окуу жылына карата Ош,… Кененирээк…

Биринчи класска балдар электрондук кезек менен гана кабыл алынат

Биринчи класска балдар электрондук кезек менен гана кабыл алынат. Билим берүү министрлигинин маалымаатына ылайык, кезекке туруу 15-февралда башталат. Учурда адистер жумушчу долбоордун алкагында келтирилген каталарды оңдоп жатат.   Программада көбүнчө адам факторунан улам, мүчүлүштүктөр орун алган. Алсак, ата-энелер арыздарды туура эмес толтурушкан, ал эми бул… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде “электрондук күндөлүк” системасы активдүү жайылтылууда

Кыргызстан мектептеринде “электрондук күндөлүк” системасы активдүү жайылтылууда. Жаңычылдык тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Электрондук күндөлүктү ата-энелер менен мектептин ортосундагы аралыкты азайтыш үчүн. Ата-энелер тез, өз убагында мобилдүү өз балдарынын ийгиликтери, же кандайдыр бир суроолору жөнүндө, мисалы кайсы предметтерден… Кененирээк…

Быйыл электрондук кезек системасы аркылуу мектепке биринчи класска 19 миңден ашык бала кабыл алынды

Быйыл электрондук кезек системасы аркылуу мектепке биринчи класска 19 миңден ашык бала кабыл алынды. Бул тууралуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди. Анын айтымында, электрондук каттоо ата энелерге шарт түзүп берүү жана коррупцияга каршы максатта киргизилген. Кийинки окуу жылына… Кененирээк…

Кыргызстандагы мектептерге ишкерлик боюнча сабак программасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерге ишкерлик боюнча сабак программасы киргизилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, долбоор эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкты. Ошондой эле концепцияда колледждин студенттери арасында ишкерлик тажрыйбасын өнүктүрүү каралды. Маалымат боюнча Улуттук концепция 2020-жылдын соңунан тарта кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.

Кыргызстандын мектептери ысык тамак менен толук кандуу 2023-жылга чейин камтылат

Кыргызстандын мектептери ысык тамак менен толук кандуу 2023-жылга чейин камтылат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, учурда ысык тамак 1 миң 371 мектепте берилип жатат.   Жалпысынан, Кыргызстанда 2 миңден ашык орто билим берүү мекемеси бар. Ысык тамак берүүнү… Кененирээк…

Кыргызстанда 169 миң студент билим алууда

Кыргызстанда 169 миң студент билим алууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө 66 жогорку окуу жайы бар. Алардын 32си мамлекеттик болсо, калганы – жеке менчик. Ал эми аларда билим алган студенттердин саны 168 миң 935ти түзөт. Белгилеп кетсек, былтыркы окуу жылында жогорку… Кененирээк…