Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө күндөрү аныкталды

Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү күндөрү белгиленди.   Билим берүү жана илим министрлигинен такташкандай, тестирлөө үч этапта өтөт. Биринчиси 18-20-майда, экинчиси 22-24-майда болот. Үчүнчү этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандарга 21-23-июнда болот.   Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь… Кененирээк…

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу уланууда

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 30-майга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги эскертти.   Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого… Кененирээк…

“Алтын тамга” аттестациясы 14-майда өтөт

“Алтын тамга” аттестациясы 14-майда өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал тест түрүндө математика, Кыргызстан тарыхы, эне тил жана адабият, химия сабактары боюнча тапшырылат.   Белгилеп кетсек, “Алтын тамга” аттестациясын 11-классты артыкчылык менен аяктап жаткан окуучулар тапшырууга милдеттүү.

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, эл аралык 41-Балкан математикалык олимпидасы 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өттү. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышты.

Бүгүн Кыргызстанда тогуз мектеп жана эки бала бакча ачылды

Бүгүн Кыргызстанда тогуз мектеп жана эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектептер Бишкек шаарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында ачылды. Ал эми мектепке чейинки билим берген эки мекеме Каракол шаарында… Кененирээк…

“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактары 11-майда башталат

“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактары 11-майда башталат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган окуу жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат.   Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын… Кененирээк…

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Сынакка дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин тизмесине кирген жогорку окуу жайына академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.   Документтерди онлайн кабыл алуу 30-майга чейин жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Лейлекте 150 орундуу мектеп ачылат

Лейлекте 150 орундуу мектеп ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект Баткендин Сары-Дөбө айылында курулууда.   Эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин жана Мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен каржыланган.

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска дээрлик 60 миң бала катталды

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска дээрлик 60 миң бала катталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте учурга карата 5 мектепте орун калган жок.   Алар — №26, 70, 29, 20 жана 13-мектептер. Эске салсак, электрондук каттоо   8-апрелде башталган. Ал эки этап менен жүргүзүлөт, биринчиси 2-июнга чейин… Кененирээк…

Караколдо 500 орундуу мектептин курулушу уланууда

Каракол шаарында 500 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Эске салсак, мектептин курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталган.