Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эске салсак, өкмөттүн Жалал-Абаддагы мурунку өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматты 2016-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген. Ал эми Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келгени маалым.