Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар

Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар. Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Наргиза Мансурова дайындалды. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

 

Буга чейин Толгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болчу. Эми ал маалымат катчы катары иштейт. Назгүл Ташпаева президент аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.