Тайланд Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө шенген визасынын аналогун сунуштады

Тайланд Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө шенген визасынын аналогун сунуштады. Падышачылыктын премьер-министри акыркы айда бул тема боюнча сүйлөшүүлөрдү Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма жага Вьетнамдагы кесиптештери менен жүргүздү.   Эгер чечим кабыл алынса, бүт дүйнөдөн келген саякатчылар аталган алты мамлекет ортосунда ээн-эркин жүрө алышат.   Андан тышкары, визанын… Кененирээк…

АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон

АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон. Оюндан кийин 1 миллион долларды утуп алганы тууралуу билдирүү келген. Бирок аял муну шылуундар жөнөтүп жатат деп ойлогон.   Почтасына лотерея уюштуруучуларынан расмий кат келгенде гана аял бактысына ишенди. Эми ал жаңы үй сатып алып, карыздарынан кутулуп,… Кененирээк…

АКШда 104 жаштагы карыя узак жашоо сырын атады

АКШда 104 жаштагы карыя узак жашоо сырын атады.   Онтарио шаарынын тургуну Уолтер Дитстрейс жакында эле 104 жашын жакындарынын курчоосунда белгиледи. Майрамдоо учурунда коноктор ага мындай узак жашоонун сыры эмнеде деген суроо узатышкан.   Карыя узак гана эмес, бактылуу дагы жашоонун сыры картөшкөдө деп жооп… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай адамы аталды

Дүйнөнүн эң бай адамы аталды. Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно планетанын эң бай адамдары тизмесинде лидерлигин сактап калды.   Анын байлыгы – 233 миллиард долларды түзөт.   Экинчи орунда Тесла, Спейс икс жана Твиттердин жетекчиси Илон Маск 195 миллиард доллары менен турат.… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң чоң стадион Мароккодо курулат

Дүйнөдөгү эң чоң стадион Мароккодо курулат. Жаңы арена 115 миң көрүүчүнү батырат деп пландалууда. Күтүлгөндөй, стадион 2030-жылкы дүйнө чемпионатын кабыл алат.   Долбоор 500 миллион еврого бааланат. Муну менен стадион чоңдугу боюнча Түндүк Кореядагы Пхеньян стадионунан ашып өтөт. Ал 114 миң көрүүчүгө эсептелген.

АКШда лотереянын белгисиз катышуучусу 1 миллиард доллардан ашык утуп алды

АКШда лотереянын белгисиз катышуучусу 1 миллиард доллардан ашык утуп алды.   Билет Нью-Джерси штатында сатылган. Утуштун ээси каражатты дароо алса болот, бирок салыктардын бардыгын төлөгөндөн кийин сумманын жарымы гана колуна тийип калат. Ал эми толук алам десе ага акча 29 жылга бөлүп берилет.

“Титаник” тасмасындагы белгилүү эшик аукциондон сатылды

“Титаник” тасмасындагы белгилүү эшик аукциондон сатылды. Реквизит үчүн сатып алуучу 700 миң доллар төлөдү. Лоттун баштапкы баасы болгону 40 миң долларды түзгөн болчу.   Белгилеп кетсек, бул эшик ар кандай талаш-тартыштарды жараткан популярдуу эшик. Көрүүчүлөрдүн басымдуусу тасмадагы Роза жылса, Джек дагы батып, аман калмак деп… Кененирээк…

Африкада колукту өзгөчө көйнөк менен турмушка чыгууну чечти

  Африкада колукту өзгөчө көйнөк менен турмушка чыгууну чечти.   Байлыгы менен мактаныш үчүн ал акча банкноталарынан турган костюм тандаган. Интернетте тараган видеодо келиндин көйнөгүнө купюралар жыш тигилгенин көрсө болот.   Социалдык тармактын колдонуучулары аялдын бул идеясын колдоп, байлыгы менен бөлүшүүнү сурангандар дагы бар.

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду. Бул үчүн экрандын четин эки ирет басуу керек. Бирок опция бардык колдонуучуларга жеткиликтүү эмес.   Жаңы функция менен iOS базасындагы смартфон ээлери колдонсо болот. Ал эми башка колдонуучуларга ал жакынкы арада жеткиликтүү болушу күтүлүүдө.

Түштүк Кореяда жаңы тренд – үй жаныбарынын ордуна таштарды “багуу”

Түштүк Кореяда жаңы тренд – үй жаныбарынын ордуна таштарды “багуу”.   Жалгыздыкка кабылган адамдар үйүнө таш алып келип, аны менен баарлашып, кайгы-муңун айтып бергенден тышкары, таштын бетине смайликтерди тартып, кичинекей кийимдерди дагы кийгизип жатышат.   Ташты күн сайын ваннага салып жууп, социалдык тармактарга бөлүшкөн жарандардын… Кененирээк…