“Титаник” тасмасындагы белгилүү эшик аукциондон сатылды

“Титаник” тасмасындагы белгилүү эшик аукциондон сатылды. Реквизит үчүн сатып алуучу 700 миң доллар төлөдү. Лоттун баштапкы баасы болгону 40 миң долларды түзгөн болчу.   Белгилеп кетсек, бул эшик ар кандай талаш-тартыштарды жараткан популярдуу эшик. Көрүүчүлөрдүн басымдуусу тасмадагы Роза жылса, Джек дагы батып, аман калмак деп… Кененирээк…

Африкада колукту өзгөчө көйнөк менен турмушка чыгууну чечти

  Африкада колукту өзгөчө көйнөк менен турмушка чыгууну чечти.   Байлыгы менен мактаныш үчүн ал акча банкноталарынан турган костюм тандаган. Интернетте тараган видеодо келиндин көйнөгүнө купюралар жыш тигилгенин көрсө болот.   Социалдык тармактын колдонуучулары аялдын бул идеясын колдоп, байлыгы менен бөлүшүүнү сурангандар дагы бар.

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду. Бул үчүн экрандын четин эки ирет басуу керек. Бирок опция бардык колдонуучуларга жеткиликтүү эмес.   Жаңы функция менен iOS базасындагы смартфон ээлери колдонсо болот. Ал эми башка колдонуучуларга ал жакынкы арада жеткиликтүү болушу күтүлүүдө.

Түштүк Кореяда жаңы тренд – үй жаныбарынын ордуна таштарды “багуу”

Түштүк Кореяда жаңы тренд – үй жаныбарынын ордуна таштарды “багуу”.   Жалгыздыкка кабылган адамдар үйүнө таш алып келип, аны менен баарлашып, кайгы-муңун айтып бергенден тышкары, таштын бетине смайликтерди тартып, кичинекей кийимдерди дагы кийгизип жатышат.   Ташты күн сайын ваннага салып жууп, социалдык тармактарга бөлүшкөн жарандардын… Кененирээк…

АКШ тургуну баласынын туулган датасы менен лотереянын джекпотун утуп алды

АКШ тургуну баласынын туулган датасы менен лотереянын джекпотун утуп алды. Аял көптөн бери лотерея ойноп, дайыма балдарынын туулган күндөрүн камтыган сандарды белгилейт.   Алардын бири көптөн күткөн жеңиш алып келди – аял 1 миллион доллардан ашык утуп алды.

“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту

“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту.   Кино биринчи бөлүктүн кассасынан ашып өттү. Анда 400 миллион чогулган. “Дюнанын” эки бөлүгү тең америкалык жазуучу Фрэнк Герберттин романынын негизинде тартылган.   Башкы ролдорду  Тимоти Шаламе, Зендея, Ребекка Фергюсон жана башкалар… Кененирээк…

Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды

Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды. Энтони Жубер баласы менен балык улоого чыккан. Эркек сууга киргенде бутун крокодил тиштеп алган. Чапкыласа дагы, жырткыч кое берген эмес.   Бул учурда анын аялы жардамга келип, чоң устун менен крокодилди сабап кирген. Жыйынтыгында аллигатор качып жөнөдү.… Кененирээк…

Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде

Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде.   Кеменин курулушу ага жүздөгөн миллион долларды турат. Эгер план ишке ашса, жаңы “Титаник” 2027-жылдын июнь айында океанга кое берилип, Стаутгемптондон Нью-Йоркко сапар тартат. 70 жаштагы миллиардер мойнуна алгандай, ал акчаны көп тапканы менен,… Кененирээк…

АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды

АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды. Жетекчилик китептерди жоготкон адамдарды мышыктардын сүрөтү үчүн кечирмей болду.   Тактап айтканда, китепкана алдында кандайдыр бир карызы бар жарандар айыпка жыгылгысы келбесе, мышыктын сүрөтүн алып келиши керек. Колго тартылган сүрөттөр дагы жарайт. Мындай акция марттын аягына чейин созулат.

Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот

Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот.   Аларга бир ай түрмөдө, бир ай үй камагында болуу сунушталат. Мындай чечимди бийлик абактар ашыра жүктөлгөндүктөн кабыл алды. Учурда 10 миң орунга 12 миң туткун туура келет.   Бул абалды эксперттер жаңы саясат менен түшүндүрүүдө, ага ылайык,… Кененирээк…