Түштүк Кореяда жаңы тренд – үй жаныбарынын ордуна таштарды “багуу”.
Жалгыздыкка кабылган адамдар үйүнө таш алып келип, аны менен баарлашып, кайгы-муңун айтып бергенден тышкары, таштын бетине смайликтерди тартып, кичинекей кийимдерди дагы кийгизип жатышат.
Ташты күн сайын ваннага салып жууп, социалдык тармактарга бөлүшкөн жарандардын саны көбөйүүдө.