Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Ынтымак жана
Арча-Бешик конуштарында таза суу жок болот. Андыктан аталган аймактын
тургундарына сууну запастап камдап алуу сунушталат.
Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.