Кыргызстанда жазгы-талаа иштери өз учурунда башталып, кечигүүсүз өтүшү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдарга мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берди.
Ага ылайык, үрөн, урук жана техника өз маалында камсыздалышы керек. Буга айыл-чарба жана мелиорация министрлиги жооптуу, — деди чиновник.