Ысык-Көлдүн 3 районуна жаңы тез жардам унаалары сатып алынды

Ысык-Көлдүн 3 районуна жаңы тез жардам унаалары сатып алынды.

Novosti.kgге Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, атайын техникалар бирден

Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна берилет. 3 унааны сатып алууга дээрлик 4,5 миллион сом сарпталды.

Тез жардам машинелери бардык керектүү жабдуулар мене камсыздалды жана алар бейтаптарды ташууга толук даяр.

Эске салсак, аталган фонд 2018-жылы дагы Ысык-Көл облусуна 8 техника сатып берген