Бишкекте айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө этият болуу сунушталат

Бишкекте айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө этият болуу сунушталат.

Милициянын кайгуул кызматы ордо калаадагы жолдордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Алсак, чоң көчө кесилиштеринде кайрымдуулук үчүн айдоочулардан акча чогултуп жаткан

ыктыярчыларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Унаалар аларды айланып өтүүгө аракет кылган учурда,

жол кырсыгына кабылуу коркунучу же “коопсуз шаардын” камераларына түшүп калган учурлар катталууда.

Андан улам, айдоочуларга жол эрежелерин сактоо сунушталат.